Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 11
Савай айыл аймагындагы Кен-Сай айылында Н.Сакиев жана С.Ибраимов көчөлөрүнө асфальт бастыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын негизинде Савай айылдык округунун Кеңешинин депутаттары Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы Н.Сакиев жана С.Ибраимов көчөлөрүнө асфальт бастыруу боюнча долбоор менен таанышып чыгып талкууулагандан кийин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы Н.Сакиев жана С.Ибрагимов көчөлөрүнө асфальт бастыруу боюнча долбоору жактырылсын.
2. Ош областтык өнүктүрүү фондунан Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы Н.Сакиев жана С.Ибраимов көчөлөрүнө асфальт бастыруу боюнча долбоорду колдоп берүү жагы суралсын.
3. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы Н.Сакиев жана С.Ибрагимов көчөлөрүнө асфальт бастыруу боюнча долбоорду Ош областтык өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоо боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |