Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 31-2
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Зулпуев айылдык кеңешин кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т. Зулпуев айылдык кеңеши мекемеси “Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекетти кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2.Юридикалык жактын толук аталышы.
Мамлекеттик тилде: “ Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “айылного кеңеша Т. Зулпуевского айылного аймака”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши”м-и.
Расмий тилде: У-е “айылного кенеша Т. Зулпуевского айылного аймака”.
3. “Т. Зулпуев айылдык кеңеши” мекемесинин уставы бекитилсин.
4.“Т. Зулпуев айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы –төрагасы болуп Бакиров Мирбек Шарабидинович дайындалсын.
5.“Т. Зулпуев айылдык кеңешинин” юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Т. Зулпуев айыл аймагы, Атамерек айылы, Рысбаев Козубай ажы көчөсү №50.
6.“Т. Зулпуев айылдык кеңешинин” юридикалык жак мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айылдык кеңешинин төрагасы Бакиров Мирбек Шарабидиновичке жүктөлсүн.
7.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. Токтомдо көрсөтүлгөн мааалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | М. Бакиров |