Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 31-3
Ош облусунун Ноокат районун Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкөмөтүн мамлекеттик каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтү мекемеси “Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Юридикалык жактын толук аталышы.
Мамлекеттик тилде: “ Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “айыл окмоту Т. Зулпуевского айылного аймака”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү”м-и.
Расмий тилде: У-е “айыл окмот Т. Зулпуевского айылного аймака”.
3. “Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн уставы бекитилсин.
4.“Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн” аткаруучу органы –башчысы болуп Тажибаев Данияр Абдимаматович дайындалсын.
5.“Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн” юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Т. Зулпуев айыл аймагы, Атамерек айылы, Рысбаев Козубай ажы көчөсү №50.
6.“Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн” юридикалык жак мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Данияр Абдиматовичке жүктөлсүн.
7. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. Токтомдо көрсөтүлгөн мааалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | М.Бакиров |