Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги
5-отуруму
2025-жылдын 17-марты 5/6
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курманжан Датка айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Курманжан Датка айыл аймагында каржы жана башка бузууларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнө жиберүү жагы СЭӨП бөлүм башчысы Ж. Исаковага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |