Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги
5-отуруму
2025-жылдын 17-марты 5/6
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 5-главасынын 60-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аксакалдар сотторунун регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Курманжан Датка айыл өкмөтү Аксакалдар сотторунун регламентин ушул токтомдун 2-пунктунда сунушталган тартипте иштеп чыгууга, кабыл алууга көмөктөшсүн.
3.Курманжан Датка айыл өкмөтү Аксакалдар сотторунун регламентинин негизинде айыл аймактарынын аксакалдар сотторунун регламентин иштеп чыгып, кабыл алынуусу жана аксакалдар соттору иш (материалдарды) кароону регламентте каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүүсүнө мезгил-мезгили менен мониторинг жургүзүп турсун.
4.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg/kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде эки нускада жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун түштүк регионалдык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |