Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 31-4
Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын аймагындагы “Кызыл Бостон” СПАнын менчигиндеги ички ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
«Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2- жана 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024ж №52 токтомунун 6-пуктун жетекчиликке алып, Кызыл Бостон суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими тууралуу Т. Зулпуевайыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевдин сунушун угуп жана талкуулап Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1«Кызыл Бостон» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2.«Кызыл Бостон» суу пайдалануучулар ассоциациясынын ирригациялык курулмаларынын жалпы бөлүгү жана мүлктөрү муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3.Т. Зулпуев атынндагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаев,Кызыл Бостон суу пайдалануучулары ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзсүн.
4.Ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине камтысын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кенешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М.Бакиров |