Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 32-2
Т. Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылына шайлоо участок
ачуу жөнүндө
Т. Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылына кожолуктун саны – 309, калктын саны – 4790 болуп бирок бүгүнкү күнгө чейин шайлоо участкасы жок болгондугуна байланыштуу Т. Зулпуев айыл өкмөт башчысынын сунушун кезексиз сессияда карап чыгып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т. Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылына шайлоо участок ачууга макулдук берилсин жана комиссия курамы жактырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М.Бакиров |