Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 32-3
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын жайыт, таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын жайыт, таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү 2024-жыл 27-майындагы чыгыш №01-19/850 сандуу катын кезексиз сессияда карап, талкуулап Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга айына 240 (эки жүз кырк) сом үйдүн ичинен колдонгондор үчүн, 160 (бир жүз алтымыш)сом көчөдөн колдонгондорго жана таштандыларды алып чыгуу үчүн айына 100 (жүз)сомдон ал эми жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кой чөмүлтүүчү купканын иштөөсү кой мончосунун суусуна кошулуучу даарысына (киралин, неоцедол) 15 (он беш)сом, бюджетке 15 (он беш)сом, кой чөмүлткөн жаранга 10 (он)сом жалпы 40 (кырк)сом козуларга 20 (жыйырма)сомдон тарифи бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М.Бакиров |