Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 32-4
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кызыл - Бостон” суу пайдалануучулар ассосациясынын тарифин бекитип
берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кызыл - Бостон”СПАсынын 30-май 2024-жылдагы №415 чыгыш сандуу катын кезексиз сессияда карап талкуулап Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кызыл - Бостон” СПАсынын сотигине жараша 25 (жыйырма беш)сомдон, 15 (он беш)сом жергиликт жарандардан, 10 (он)сому өкмөттүн бюджетинен субсидия кылып төлөнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |