Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарылышы 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгү 27-1 тотомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган айылдык бюджетинин алты айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган, Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу коммиссиясы тарбынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып, 4-бөлүгүнүн негизинде Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин жети айлыктын аткарылышы боюнча, салык агенттигинен түшкөн кирешеден 1900,7миң сом айыл-чарбалык эмес максаттагы жерлер салыгы 780,0 миң сом, таштанды төлөмүнөн 53,2 миң сом, мамлекеттик сатып алуу салыгынан 195,0 миң сом ашыкча түшкөндүктөн, планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча тушкөн 2928,9 мин сом акча каражатты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 33-1 токтомуна №1-тиркеме
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджетине
өзгөртүүлөрдү киргизүү
(мин сом)
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 1990,0 |
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
Патент негизинде салык |
|
Милдеттүү патенттөө салыгы |
|
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы |
|
Ишкердик иш арекет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы |
|
Юридикалык тараптардан транспорт каражатына салык |
|
Физикалык тараптардан транспорт каражатына салык |
|
Тамарка короо жайлардан жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
|
Айыл чарба багытындагы жер салыгы |
|
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | +780,0 |
Роялти |
|
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө |
|
Калктуу пункуттардагы жерлерден алынуучу ижара акы |
|
Жайыт ижарасы үчүн акы |
|
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы |
|
Таштанды төлөмү | 53,2 |
Мамлекеттик сатып алуудан | 195,0 |
Атайын каражаттар |
|
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр |
|
Активдер жана милдеттемелер |
|
Тендөөчү грант |
|
Кирешелердин жыйынтыгы | 2928,2 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
|
Айылдык кенеш | 200,0 |
Экономикалык маселе | 401,9 |
Айыл чарбасы |
|
Комуналдык чарба | 1749,0 |
Бала бакчаларына | 522,0 |
Билим берүү | 55,3 |
Социалдык коргоо |
|
Чыгашалар жыйынтыгы | 2928,2 |
Жооптуу катчы |
| Ж. Аркозиева |