Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-3
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынынкөчөсүнө айыл тургундарынын протоколунун негизинде “Мамытов Абдивали” деп ат коюп берүү жөнүндө Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын көчөсүнө айыл тургундарынын протоколунун негизинде “Мамытов Абдивали” деп ат коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Мамытов Абдивали атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү дайыма көзөмөлдөп туруу Айбек айылынын айыл башчысы Б. Ажикуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М. Бакиров |