Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-4
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтү менен биргеликте түзүлүп жаткан
МТС ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 11-май 2009-жылдагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” №154 сандуу Мйызамына ылайык, Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын Калта Кыркол бөлүмүндөгү №1013 контурда жайгашкан айыл өкмөтүнүн менчигиндеги 8000.0 (сегиз миң) чарчы метр жер аянтына Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү, дыйкандарды колдоп кубаттоо максатында Т. Зулпуев айыл өкмөтү менен биргеликте МТС ишканасын түзүү, лизингге айыл чарба техникаларын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын Калта Кыркол бөлүмүндөгү №1013 контурда жайгашкан айыл өкмөтүнүн менчигиндеги 8000.0 (сегиз миң) чарчы метр жер Аянтына айыл чарба техникаларын токтотуучу (МТС) жана кылкандуу дан эгиндерин сактоочу кампа курууга макулдук берилсин.
2. МТС ишканасына лизингге айыл-чарба техникаларын алууга уруксат берилсин.
3.Ушул токтомду аткаруугажана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мамлекеттик сатып алуулар, суу, жол, энергетика, инвестиция жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |