Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-5
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кыркол жана Алмалык бөлүмүндөгү жалпысы 71,0 га. жайыт жерлериндеги айдоо аңыздарды айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине кошууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кыркол бөлүмүндөгү Арпа-тектирдеги 10,0 га. Сары-Камыштагы 22,0 га. Алчалыдагы 14,0 га. Солтонодогу 12,0га. жана Алмалык бөлүмүндөгү 13,0га. жалпысы 71,0 га. жер аянттары, жайыт категориясындагы жер аянттары болуп катталып туруп, иш жүзүндө кайрак айдоо жер аянттары катары пайдаланып жаткандыктан,Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 23.08.2024-жылдагы № 01-19/1493 сандуу чыгыш катынын негизинде,Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси кезектеги отуз үчүнчү сессиясынада карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринде жайгашкан айдоо аңыздарды, кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүү максатында төмөнкү жерлерди: Кыркол бөлүмүнүн Арпа-тектирдеги 10,0 га. Сары-Камыштагы 22,0 га. Алчалыдагы 14,0 га. Солтонодогу 12,0га. жана Алмалык бөлүмүндөгү 13,0га. жалпысы 71,0(жетимиш бир) га. жайыт жер аянттарын, Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Макулдук берилген жер аянттарын юридикалык иш кагаздарын даярдап жогорку органдардан суроону Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кенешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |