Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-6
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 14-августтагы №01-19/1415 чыгыш сандуу сунуш катын кароо максатында
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Караке айылында “Ассан-Абиль” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган балдар бакчасын А. Нарматов атындагы “Кашкалдак” балдар бакчасынын филиалы катары ачуу максатында айыл өкмөтүнүн сунушун кезектеги 33-сессияда карап Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Караке айылында “Ассан-Абиль” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган балдар бакчасын А. Нарматов атындагы “Кашкалдак”балдар бакчасынын филиалы катары ачууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын кароо жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү спорт, жаштар, саламаттыкты сактоо, миграция жана социалдык коргоо ММК боюнча комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |