Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-8
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 11-июлдагы №01-19/1162 чыгыш сандуу сунуш катын кароо максатында
Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш чаралары планында өлкөнүн ар бир районунда 100 жылдыка арналган “Кылым парктарын” ачуу максатында Атамерек айылындагы ийне жалбырактуу арчалар отургузулган 1,7га жер аянтын “Кылым паркы”деп атоо боюнча Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн берген сунуш катын карап чыгып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы ийне жалбырактуу арчалар отургузулган 1,7га жер аянтын “Кылым паркы” деп атоого макулдук берилсин.
2. Макулдук берилген жер аянттарын юридикалык иш кагаздарын даярдап жогорку органдардан суроону Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кенешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |