Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-9
Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык айылындагы №25 - Алмалык орто мектебине Бөрүбаев Абдалимдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 11.07.2024-жылдагы №01-19/1186 сандуу чыгыш катынын негизинде Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык Айылындагы №25-Алмалык орто мектебине Алмалык айылынын тургуну Абдалим Бөрүбаев агайдын ысымын ыйгаруу максатында Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси кезектеги 33 - сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өмөтүнө караштуу Алмалык Айылындагы №25-Алмалык орто мектебине Алмалык айылынын тургуну Абдалим Бөрүбаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин маданият, билим берүү спорт, жаштар, саламаттыкты сактоо, миграция жана социалдык коргоо ММК боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М. Бакиров |