Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 33-10
Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024- жылдын бюджети жана 2025-2026- жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгү № 27-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган айылдык бюджетинин жети айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган, Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарбынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып, 4-бөлүгүнүн негизинде Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин кезектеги 33-сессиясында сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жети айлыкка бекитилген жергиликтүү бюджетине, бирдиктүү жер салыгынан ашыкча түшкөн 1034,7 мин сом акча каражаты планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча түшкөн 1034,7 мин сом акча каражатты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |