Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 10
Салык Кодексинин 379-380-беренесине мүлк салыгынын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу, мүлк салыгынын турак жайлар үчүн 2025-2027-жылдарга эсептөөдө базалык салыктык бааларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-380-беренесине мүлк салыгынын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу жана бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 5-мартындагы №2 протоколуна ылайык, мүлк салыгынын турак жайлар үчүн 2025-2027-жылдарга эсептөөдө базалык салыктык бааларын сессияда карап Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясысунуштаган мүлк салыгынын турак жайлар үчүн 2025-2027-жылдарга эсептөөдө базалык салыктык баалар бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Бекитилген базалык салыктык баалар боюнча керектүү иштерди аткаруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын IV-сессиясынын №10 токтомуна тиркеме
Бирликский айылный аймак | ||
Дубал материалы | Эксплуатация мөөнөтү | Базалык салыктык баасы, сом |
Кыш (кирпич), дарак, курама же монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктору, кум блок, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич | 5 жылга чейин | 4,5 |
5-15 жылга чейин | 4 | |
15-30 жылга чейин | 4 | |
30-45 жылга чейин | 4 | |
45 жылдан ашык | 4 | |
Саман, гуваляк, сокмо, шлак блок, полистирол курулуш блогу | 5 жылга чейин | 4,5 |
5-15 жылга чейин | 4 | |
15-30 жылга чейин | 3,5 | |
30-45 жылга чейин | 2,5 | |
45 жылдан ашык | 2 | |
Металл | Эксплуатация мөөнөтүнүн терминине карабастан | 4 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Эксплуатация мөөнөтүнүн терминине карабастан | 3,5 |
Орточо базалык салыктык баасы | 4 | |
Жооптуу катчы: С.Касымов