Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 11
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун 2025-жылдын 24-мартындагы кайрылуу катындагы аймакта түзүлгөн “БИРИМДИК” муниципалдык ишканасы ишин жандандыруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен субсидия ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун 2025-жылдын 24-мартындагы кайрылуу катындагы аймакта түзүлгөн “БИРИМДИК” муниципалдык ишканасы ишин жандандыруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен субсидия ажыратуу жөнүндө кайрылуу катын карап чыгып, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-мартындагы №3 протоколуна ылайык, сессияда карап, талкуунун жыйынтыгы менен Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“БИРИМДИК” муниципалдык ишканасы ишин жандандыруу үчүн 700 (жети жүз) миң сом акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |