Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 13
Сур-Ормош айылдарындагы ат майданы катары пайдаланып келе жаткан жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январындагы №1 протоколундагы чечимди сессияда карап, талкуулап жыйынтыгында Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сур айылындагы жана Ормош айылдарындагы ат майданы катары пайдаланып келе жаткан жер аянттарын трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Трансформациялоо үчүн керектүү иштерди мыйзам чегинде аткаруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |