Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 14
Моло айылындагы толук эмес орто мектептин аталышына
толуктоо киргизүү
жөнүндө
Бирлик айыл аймагындагы Моло толук эмес орто мектебинде 2024-жылдын 25-сентябрында өткөн Моло жана Жаңы-Сырт айылдарынын элдик жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынып жазылган протоколдогу чечим менен депутаттар таанышып, талкуулап, жыйынтыгында Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Моло айылында жайгашкан толук эмес орто мектебинин аталышына толуктоо киргизилип “Моло-Жаңы-Сырт” атындагы толук эмес орто мектеби болуп өзгөртүлсүн.
2.“Моло-Жаңы-Сырт” атындагы толук эмес орто мектеби болуп өзгөртүүгө кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө сунуш берүү Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |