Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
2024- жылдын 18-июну № 27-2
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы кезектеги он сегизинчи сессиясынын № 18-3-сандуу токтомуна тактоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы кезектеги он сегизинчи сессиясынын № 18-3-сандуу токтомуна тактоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы кезектеги
он сегизинчи сессиясынын № 18-3-сандуу токтомуна тактоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2.Кара-Кой айылынын “Курак-Тектир” орто мектебинин жатаканасына “Кара-Кой” бала бакчасын ачууга жалпы 2023-жылдын 12-сентябрындагы чогулушунун протоколунун чечимине макулдук берилсин.
3.Кара-Кой айылынын “Курак-Тектир” орто мектебинин жатаканасына “Кара-Кой” бала бакчасын ачууга тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай у.Э. |