Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
2024- жылдын 18-июну № 27-3
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы К. Ашимова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 07-июнундагы № 7-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы К. Ашимова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 07-июнундагы № 7-протоколунун чечимине макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы К. Ашимова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата- энелеринин катышуусундагы 2024-жылдын 07-июнундагы № 7-протоколунун чечимине макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айылындагы К. Ашимова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча бир тайпа ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алууга көмөк көрсөтүү жана күз-кыш айларындагы жылуутууну, таза сууну, электр жарыгы менен камсыздоо жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, аламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Төрага | Жеңишбай у.Э. |