Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-марты № 146
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 "Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178, 414, 416, 426, 459-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "414-беренесине" деген сөздөр "414, 416, 426, 459-беренелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Жалданма кызматкерге патенттин ставкасы ар бир календардык жылга республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.";
3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну кошпогондо, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик же муниципалдык кызматчы аткарган учурлардан тышкары, билим берүү чөйрөсүндө өз алдынча жүзөгө ашырылуучу иш |
|
|
а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө жана токууга окутуу | 85.59.0 | 2000 | |
б) репетитор жана тренинг иретинде сабактарды өткөрүү | 600 |
";
- 20, 23-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 29-пункттун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
| г) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызмат көрсөтүүлөрүн жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрүн буюртма кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү (такси кызмат көрсөтүүлөрү) | 49.32.0 | 1000 |
";
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-пунктча менен толукталсын:
"
| 2) базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянты (1 чарчы метр үчүн) | 68.20.0 | 700 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 2-пунктчанын төртүнчү, бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке айыл чарба продукциясын жана жеке айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн алынган продукттарын сатуучу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө;
- бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон жана жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн, жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактар менен гана сатууну ишке ашырган салык төлөөчүлөргө;";
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга, коюлган талаптар бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын 0,1, 0,5 жана 1 пайыздык ставкалары боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүргүзгөн учурда салык төлөөчүгө жайылтылбайт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-пунктчалар менен толукталсын:
"4) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт;
5) ушул пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесинин 2-1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген формага жана тартипке ылайык тариздейт.
2025-жылдын 1-октябрынан тартып жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны тариздеген салык төлөөчүлөр мобилдик тиркемеде минималдуу реквизиттери менен электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны кошумча тариздеши керек;
6) салык төлөөчү алгачкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны 2025-жылдын 1-апрелине чейин тариздөөгө тийиш, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдар;
- ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай заттар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар, салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар товарлар.
Бирдиктүү салыктын негизинде 0, 0,1, 0,5 жана 1 пайыздык ставкалар боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр алгачкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча кириштөө документинин кагаз жүзүндөгү версиясын тариздөөгө укуктуу;
7) кайталап иштетилүүгө жана колдонулууга тийиш болгон металл сыныктарын, айнекти, айнек идиштерди, айнек камтыган буюмдарды, макулатураны, полипропиленди, полиэтиленди, пластикти жана полиэтилентерефталатты калктан сатып алууда (кабыл алууда) берилген "сатып алуу" кассалык эсептешүү операциясы менен контролдук-кассалык чек Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууну алуу үчүн эсеп-фактураны алмаштыруучу документ болуп саналат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүнүн дарегине товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны тариздөөдө үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импортточу салык төлөөчү тарабынан 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт деп белгиленсин.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Өткөн календардык айда ишке ашырылган жеткирүүлөрдүн эсеп-фактурасы жеткирилген күндөн кийинки беш жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө таризделет.
Буга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ККМ аркылуу калкка товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу кирбейт, бул учурда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура өткөн айдан кийинки айдын он жумуш күнүнөн кечиктирбестен таризделет.
Мисалы: салык төлөөчү товарды же кызматты 31-майда жеткирген. Ал ушул жеткирүү боюнча эсеп-фактураны июнь айынын беш жумуш күнүнүн ичинде, эсеп-фактурада жеткирүүнүн иш жүзүндөгү датасын - 31-майды көрсөтүү менен тариздөөгө укуктуу.";
- 612-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай продукттарына (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо), идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларга, ошондой эле ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, таңгакталган жана таңгакталбаган сырага карата;";
- 2-пунктчада "товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;" деген сөздөр "товарларга карата;" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3, 4-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) 2027-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик маркалоого тийиш болгон дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата.";
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунда документин 2026-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө түзүүгө укуктуу;
2) товарларга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын милдеттүү колдонуу мөөнөтү келгенге чейин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз модулунда аталган товарлардын калдыктарын алардын иш жүзүндөгү калдыктарына ылайык келтирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартибинде:
- 4-пункттун 2-5, 7, 8, 14, 15, 17-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ЭТТК модулунда субъекттин ишин убактылуу токтото туруу жана кайра улантуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.";
- 21-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өндүрүштө (даярдоодо);";
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) контролдук-кассалык чектин негизинде андан ары сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан алардын жеке товарларын кабыл алууда (сатып алууда);";
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товарлар ушул Тартиптин 9-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн субъекттерге сатылган учурда, ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык субъекттердин дарегине ЭТТК таризделет, ЭТТК түзүлгөндөн кийин документке автоматтык түрдө "Кабыл алынды" статусу ыйгарылат.";
- 24-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Товарларды экспорттоодо ЭТТК Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн аталышын жана кодун көрсөтүү менен экономикалык иш обьектинен товар жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин түзүлөт, ЭТТК түзүлгөндөн кийин документке автоматтык түрдө "Кабыл алынды" статусу ыйгарылат.";
- 27-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ушул Тартиптин 4-пунктунун 6, 11, 13, 16-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү;";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. ЭТТКны алууда сатып алуучу/алуучу:
1) ЭТТК кабыл алынгандыгын ырастайт;
2) төмөнкүлөргө байланыштуу ЭТТКны алуудан баш тартат:
а) туура эмес маалыматтар менен же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган ЭТТКны алгандыгына. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчү четке кагылган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТК жазып берүүгө милдеттүү;
б) жеткирүүнү жокко чыгарууга жана товарларды алуудан баш тартууга. Эгерде жөнөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү четке кагылган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТК жазып берүүгө милдеттүү.";
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Эгерде жеткирүүчү/жөнөтүүчү ЭТТК жөнөтүлгөн учурдан тартып 10 календардык күн өткөнгө чейин кабыл алынбаган ЭТТКны чакыртып алса, бул ЭТТК чакыртып алынган болуп эсептелет.
ЭТТКны чакыртып алууда жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алуунун төмөнкү себептерин көрсөтөт:
1) түзүлгөн ЭТТКдагы туура эмес маалыматтар же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган маалыматтар. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттүү;
2) жеткирүүнү жокко чыгаруу жана алуучунун товарларды алуудан баш тартуусу. Эгерде жөнөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттүү.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
1) ушул токтом күчүнө кирген учурга карата товарларды эсепке алуу кампаларындагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу боюнча талаптарга туура келбеген товарларды эсептен чыгаруу;
2) ушул пунктка ылайык эсептен чыгаруу жол-жобосу аткарылгандан кийин ушул токтом күчүнө кирген учурга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу боюнча талаптар колдонулган товарлары жок субъекттердин товарларды эсепке алуу кампаларын өчүрүү.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктунун 1-пунктчасынын он биринчи, он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарын, 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларын, 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктунун 3-пунктчасын жана 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунун 3-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |