Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 50
“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №34 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 19-мартындагы №024/25/03-6/172 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |