Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
2024- жылдын 18-июну № 27-5
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-7-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-7-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-7-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизилсин.
2. “Ош-Исфана” жолунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш № 64-контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 0,04га аянтына Rest Point курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Трансформациялоого тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай у.Э. |