Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2024- жылдын 18-июну № 28-2
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-4-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-4-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-4-сандуу токтомуна өзгөртүү жана тактоо киргизилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор курууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2024-жылынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 1 000 000 (бир млн) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор курууга Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай у.Э. |