Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 20
Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата ичүүчү таза суунун тарифинин өлчөмүн жана жайыт салыгынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-, 10-беренесине жана “Ичүүчү таза суу” жөнүндө 1999-жылдын 25-мартындагы 33 мыйзамынын IV-бөлүмүнүн 20-статьясына ылайык, Муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Жунусалиевдин Түз-Бел айылында 2025-жылдын 24-март күнү элдик жыйындын протоколун угуп талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагында таза сууну пайдалануучуларга ар бир жанга ар бир айга 50 ( элүү) сомдон жана ийри мүйүздүү мал башына 100 ( жүз) сом, кой-эчкилерге 20 (жыйырма) сомдон, жылкы башына 100 (жүз) сомдон бекитилсин
2.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында чыккан № 515 токтомуна ылайык жайыт жерлерин мал жаюудан башка максатта тоют даярдоо, балыкчылык, мөмө-жемиштерди жыйноо, туризм жана жарандардын эс алуусу, аңчылык, отун даярдоо, жалпы жайылтылган пайдалуу кендерди казуу жана жеңил конструкцияда уюлдук байланыштарды орнотууга берилген жайыт жерлер эки тараптуу келишимдин негизинде жайыт акы өндүрүлсүн.
3.Жалпак-Таш муниципалдык ишканасы пайдаланылуучу жайыт участогунан жана мал жандыктан түшкөн жайыт акысын муниципалдык ишкананын бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
4.Жайыт акыдан жана ичүүчү таза суудан түшкөн каражаттарды муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин кызмат акысына жана социалдык камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга мыйзам чегинде жумшалсын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Жунусалиевге милдеттендирилсин.
6.Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго тапшырылсын.
7.Жалпак-Таш муниципалдык ишканасынын бюджетин жогорулатуу максатында мал жандыктардын жана таза суу ичүүчүлөрдүн эсебин тактап, кошумча кирешелер боюнча квартал сайын айыл өкмөт башчысына маалымат берилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |