Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры №25/4
Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шерматов |