Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 51
Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга карата Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын тез арада уюштуруу жана дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жагы, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |