Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 52
Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга карата Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселеси боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ижарага берилген жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана ижара акысын өз убагында жыйноо жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |