Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 58
Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын Ынтымак конушуна мектеп куруу үчүн калтырылган жер аянтына өзгөртүү киргизүү жана жер аянтын бекитүү жөнүндөгү 2025-жылдын 24-февралындагы №31токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-февралындагы №89 сандуу катынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №31 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, төмөндөгүдөй баяндалсын:
- 1-пунктунда көрсөтүлгөн 0,84 га жер аянты 0,92 га жер аянты болуп окулсун.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго
милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |