Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 59
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-мартындагы №162 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына таштанды таштоочу жай куруу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №3053 контурундагы 0,08 га, №3066 контурундагы 0,11 га, №3067 контурундагы 0,23 га, №3068 контурундагы 0,27 га, №3069-контурундагы 0,12 га, №3070 контурундагы 0,32 га, №3071 контурундагы 0,50 га, №3146 контурундагы 0,16 га, жер аянттары таштуу жайыт жерлер, №2923ч контурундагы 1,21 га жер аянты суу астындагы жерлер (кургак сай) жалпы 3,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап муниципалдык менчикке алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |