Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 62
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, сессиянын жүрүшүндө Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык”муниципалдык ишканасынын Уставы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын Уставы менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |