Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 66
Бужум айылына эт сатуучу дүкөн үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Суу-Башы айылдык кеңешинин жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын тургуну Адилбек уулу Мирбектин 2025-жылдын 25-мартындагы кайрылуу катынын негизинде,Бужум айылынын элдерин эт менен камсыз кылуу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын ооруканасынын аймагынан убактылуу эт сатуучу дүкөн үчүн 16м2 жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
Төрага | К.Шакиров |