Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 68
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө материалдык жардам сурап кайрылган жарандарга берилүүчү материалдык жардамдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, сессиянын жүрүшүндө Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык меселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунушунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана турмуш шарты оор жарандарга 5000сомдон-10000сомго чейин.
- ден-соолугуна байланыштуу өтө зарыл дарыланууга, операция жасатууга жана табигый кырсыктарга кабылган жарандарга 10000сомдон-20000сомго чейин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |