Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25 -марты № 6/20
“Караван” аймактык башкармалыгынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 06-мартындагы №5 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- 2024-жыл ичинде орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүү жагы;
- жазгы-талаа иштерине өз убагында даярдыктарды көрүү;
- айыл чарба эгиндеринин, өсүмдүктөрүнүн 2025–жылга белгиленген түшүмдөрүн өндүрүү үчүн дыйкандарды техника, сугат суу, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
- кайра бөлүштүрүү жер фондусун пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ижара акылардын толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
- аймактык башкармалыкта иштетилбей бош жаткан үлүш сугат жерлерди, алардын иштетилбей жаткан себептерин тез арада аныктап, бош жерлерди иштетүү боюнча чараларды көрүү;
- Акбулак айылынын “Восьмое поле”, “Нак бак”, “Кан көл” участокторундагы үлүш жерлерге сугат сууну жеткирүү жана “Тешик” каналынан арык ачып берүү маселесин 1 ай мөөнөтүндө чечүү, аткарылган иш-чаралар боюнча шаардык кенешке маалымат берүү;
- аймактык башкармалыкты жашылдандыруу максатында өз убагында бак-дарактарды тигүү жана аларга тийиштүү кам көрүү жагы;
- шаардык кенеш тарабынан 2025-жыл үчүн бекитилген иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу.
Төрага | Ж.Аматов |