Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25 -марты № 6/21
“Кызыл-Кыя Тазалык” ишканасынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндөгү маселе шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 06-мартындагы №5 протоколу менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Шератовдун маалыматы эске алынсын.
2. «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасына (К.Шератов) милдеттендирилсин:
- 2025–жылга шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бекитилген иш мерчемдерин толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы;
- шаардын аймагына отургузулган декоративдик жана башка дарактардын көктөп өсүүсүнө камкордук көрүү, сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
- шаардын аймагындагы чыккан таштандылардын өз убагында алынышын камсыз кылуу;
- жугуштуу оорулардын таркалышынын алдын алуу, санитардык абалды жакшыртуу максатында, таштандылар толгон тележкаларды алууда айланасындагы таштандыларды чогултуп тележкага салдыруу, мезгил-мезгили менен тележкалардын айланасындагы бетон бордюрларды жана таштандылар топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу жагы;
- каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга шаардын жашоочулары жана мекеме-ишканалар менен келишимдерди түзүү иштерин активдештирүү;
- шаардын борбордук көчөлөрүн, арыктарды, лотокторду таштандыдан тазалоо;
- чаңдан арылтуу максатында мезгил-мезгили менен көчөлөрдү суу менен жууп туруу;
- шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн жолбун иттерди атууну жүргүзүү жана аларды убагында алып чыгып “Беккарь” чуңкуруна көмүүнү уюштуруу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Аматов |