Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты №63
Ак-Терек айыл аймагындагы сугат суунун (тариф) акыларын бекитүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айтказы уулу Мараттын кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын сугат суунун (тариф) акыларын бекитүү максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагында сугат суу акысы үчүн (тариф) төлөм төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. 1 (бир) га жерге 1 (бир) сугатына Четинди участкасына – 200 (эки жүз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айтказы уулу Маратка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу