Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25 -марты № 6/25
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025–жылдын 13–февралындагы №5/18 “Пайдаланууга берилген турак жай имараттарына, жайларга салыктын ставкасын жана салыктар үчүн зоналдык коэффициентти бекитип берүү
жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселе шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №7 протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып жана Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Абдырахмановдун 2025-жылдын 20-мартындагы № 01-08/415 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
4) Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасы-70 сом болуп бекитилсин жана жыйын боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүүнүн салыктык мезгили 1-майга чейин деп белгиленсин.
Төрага | Ж.Аматов |