Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты
Тоң райондук ѳнүктүрүү фондусуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Коӊур-Ѳлѳӊ айылындагы жаӊы салынып жаткан бала бакчага керектелүүчү эмеректерди сатып алуу үчүн долбоордук сметалык документтери жактырылсын.
2. Ак-Терек айыл аймагындагы Коӊур-Ѳлѳӊ айылындагы жаӊы салынып жаткан бала бакчага керектелүүчү эмеректерди сатып алуу үчүн долбоордук сметалык документтери Тоң райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т. Ормукова тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу