Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 14
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын
12-айында аткарган иштери (отчёту) жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-айында аткарылган иштери жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун 2024жылда айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджетин аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин киреше бөлүгу толтурууга, кошумча киреше булактарын табууга жана мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |