Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-августу № 430
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, товарларга байкоо жүргүзүүнү жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 62-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек аралык | Бажылык | Салыктык | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фито-санитардык | Баңгиге каршы | ||||
1 | "Манас" аэропорту | Чүй облусу, Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2 | "Ош" аэропорту | Ош ш., "Ош" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы, "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күндүзгү убак | + | - | - | + | + | + | + |
4 | "Каракол" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | - | + | + |
|
5 | "Баткен" аэропорту | Баткен облусу, Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - |
| - |
| + | + |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Контролдоо пункттарынын аталышы | Посттордун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | "Маймак" | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
2 | "Кара- Балта" | Чүй облусу, Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
3 | "Аламүдүн" | Чүй облусу, Аламүдүн району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
4 | "Кара-Суу" | Ош облусу, Кара-Суу району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | "Бишкек-1" | Бишкек шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |