Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 15
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун маалыматын жана бюджет, финансы, салык, инвестициялар тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 53 272,8 (элүү үч миллион эки жүз жетимиш эки миң сегиз жүз) сом, республикалык бюджеттен каралуучу теңдештирилүүчү грант 21 268,6 (жыйырма бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен: Бала бакчалардын атайын каражаты 7200,0 (жети миң эки жүз) сом, жергиликтүү бюджет 24 804,2 (жыйырма төрт миллион сегиз жүз төрт миң эки жүз) сом.
2.Айыл өкмөтүнүн 2026- жылга киреше бөлүгү жергиликтүү бюджет 33 952,4 (отуз үч миллион тогуз жүз элүү эки миң төрт жүз) сом, бала бакчалардын атайын каражаты, 7200,0(жети миң эки жүз) сом. Республикалык бюджеттен каралуучу теңдештирүү грант 21 268,6 (жыйырма бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн 2027- жылга киреше бөлүгү жергиликтүү бюджет 36 406,4 (отуз алты миллион төрт жүз алты миң төрт жүз) сом, бала бакчалардын атайын каражаты, 9200,0 (тогуз миң эки жүз) сом. Республикалык бюджеттен каралуучу теңдештирүү грант 21 268,6 (жыйырма бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
5.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (комуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
6.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктары 2025-жылдын 1январынан тартып айыл өкмөтүнүн бюджетинде калтырылсын.
7.Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
8.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2025- жылга 250,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9.Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.
10.Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
11.Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2025 - жылдын 01-январына карата 165,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12.Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0 миң сом экендиги белгиленсин.
13.Мыйзамдуу иш алып баруу жагыайыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
14.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |