Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-февралы ПЖ № 67
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет (ушул Тартиптин 35-пунктуна ылайык ыйгарылган класстык ченден тышкары; бул учурда эсептөө мамлекеттик жарандык кызматтын сакталган класстык чени, муниципалдык кызматтын класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы ыйгарылган күндөн тартып жүргүзүлөт). Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет. Кызматчынын бала багуу боюнча өргүүдө, эмгек акысы сакталбаган, узактыгы 14 календардык күндөн ашык өргүүдө (анын ичинде окуу өргүүсүндө) болгон убактысы көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.";
- 39-пункттун 5-пунктчасы "адамдар үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 14-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарылган класстык ченде болуу мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет (ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык ыйгарылган класстык ченден тышкары; бул учурда эсептөө мамлекеттик жарандык кызматтын сакталган класстык чени, муниципалдык кызматтын класстык чени, аскердик же атайын наамы, атайын класстык чени ыйгарылган күндөн тартып жүргүзүлөт). Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет.";
- 22-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул пункт ушул Тартиптин 4, 5-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен колдонулат (ушул Тартиптин 1-тиркемесинен тышкары).";
- 24-пункттун 7-пунктчасы "адамдарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |