Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 17
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024 жылдан
калган(калдык)акча каражаттары жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024- жылдан калган (калдык) акча каражаттары жөнүндө Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Абдуллаевдин маалыматын жана айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын жергиликтүү бюджетинен калган (калдык) 9475,2 (тогуз миллион төрт жүз жетимиш беш миң эки жүз) сом акча каражаттары 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүмүнө кошумча сметалар түзүлсүн.
2.Бала бакчалардын 2024-жылдагы калдык 458,9 (төрт жүз элүү сегиз миң тогуз жүз) сом атайын акча каражаттарына 2025-жылга кошумча сметалар түзүлсүн.
3.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |