Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 21
Ынтымак айылынын көчөлөрүнүн бирине Чынтаев Көчкөнбайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы Жаман-Адыр участкасынын тургундарынын 2024-жылдын 25-декабрындагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ынтымак айылынын көчөлөрүнүн бирине маркум Чынтаев Көчкөнбайдын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айылынын айыл башчысы Ж. Камчиевке жана маркум Чынтаев Көчкөнбайдын уул кыздарына сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |