Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 22
Трансформациялоого (которууга) макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Сеңир айылына жаш муундарга спорт жаатында татыктуу тарбия берүү максатында, спорт комплексин куруу боюнча маалыматын угуп, таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 1-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4 пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылына спорт комплексин куруу үчүн № 734-контурдагы 1,70 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |