Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 18-январы № 23
Трансформациялоого (которууга) макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Жаман-Адыр участкасындагы № 18 контурдан таштанды таштоочу жай (полигон) куруу үчүн 3,0 га жер аянтынтрансформациялоого (которууга) макулдук берүү жөнүндөгү маалыматын, “Кыргыз мам жер долбоор” жерге жайгаштыруубоюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын № 01-2-886 каты жана айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаман-Адыр участкасындагы № 18 контурдан (таза жайыт) таштанды таштоочу жай (полигон) курууга Кызыл-Октябрь жана Ынтымак айылдары үчүн 2,0 га жер аянтын трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |