Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 24
Айылдын атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 30.01. 2025-ж № 01-13/ 66 катын аткаруу максатында, Ынтымак айылынын тургундарынын 2025-жылдын 19-февралындагы айыл тургундары менен өткөрүлгөн жыйындын протоколун жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаман-Адыр участкасындагы “Ынтымак” айылы, “Жаңы-Ынтымак” айылы болуп өзгөртүлгөндүгүнө макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигине жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат иретинде жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышына мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |